8-март - Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында шаардык кызматтардын кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктап баштадык.

Бүгүн борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана "Smart Generation" коомдук  фондунун өкүлдөрү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин куттуктап, тигүү машиналарын тартуулашты.

Япониянын 30 тигүүчү машинасы тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы «Smart Generation» Ассоциациянын президенти Мохаммад Абед Эль Жажиге  көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаардыктар! Келе жаткан майрамыңыздар менен!