Бир нече күн мурун болжол менен таңкы саат 6:30дар чамасында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен бирге  бекитилген участокто –  Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, жолду жана тротуарды шыпырып жүргөн.

Эки кызматкер тең атайын чагылдыруучу жилеттер кийишкен, бирок ага карабастан, алдын ала маалыматтарга ылайык BMW маркасындагы кара түстөгү унаа Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш багытта катуу ылдамдыкта келе жатып, М.Токобаеваны сүзгөн.

Апасынын айтымында, унаанын урунган үнүн угуп, жолдун боюнда жаткан кызына чуркап барганда, М.Токобаева бети-башы кан болгон бойдон эс-учун жоготуп жаткан. Мамлекеттик номурду көрүү мүмкүн болгон эмес, айдоочу качып кеткен.

Бактыга жараша, М.Токобаева тез жардам унаасында өзүнө келген. Азыр ал №4 Бишкек травматология жана ортопедия илим –изилдөө борборунда, баш мээси чайкалган, буту сынган, сол бети, көздүн гематомасы жана көп сандаган жаракаттар бар.

Кырсыктан кийин айдоочунун Фархад аттуу тууганы ооруканага келип, М.Токобаеванын дарылануусуна жарым-жартылай акча төлөп берген имиш. Көрсө, унааны 17 жаштагы жигит айдап жүргөн экен, унаа кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, «Тазалыктын» бардык кызматкерлери камсыздандырылган, мекеме тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Бүгүн, шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана борбордун турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ооруканада жаткан М.Токобаевага жолугуп, акыбалын сурап келишти, кыздын абалы бир аз жакшы,  өз алдынча отуруп калыптыр.

Суранабыз, жолдордо этият болуңуздар, шашпаңыздар. Өзүңүздөргө, жакындарыңызга жана айланаңыздагы адамдарга кам көрүңүздөр!