"Жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында КЭРдин грантынын эсебинен жолдорду реконструкциялоо иштери 15-марттан баштап улантылат

Буга байланыштуу 14 жол тилкесинде унаалардын жүрүүсүн убактылуу чектөө киргизүү пландаштырылууда:

1. “Ак-Ордо” конушундагы Каркыра көч. Гагарин көчөсүнөн  Ак-Ордо көч. чейин;
2. Түгөлбай Ата көч. Ибраимов көчөсүнөн Орозбеков көч. чейин;
3. Айбийке көч. Гагарин көчөсүнөн "Ак-Ордо" конушундагы темир жол өтмөгүнө чейин;
4. Ажыбек баатыр көч. Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
5. Жунусалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн “Арча-Бешик” конушундагы Масалиев көч. чейин;
6. Стадион көч. Абдрахманов көчөсүнөн “Ынтымак” конушундагы Магистрал көч. чейин;
7. Көкчө-Тоо  көч. М. Ганди көчөсүнөн Т.Молдо көч. чейин;
8. Ташкент көч. Ж. Турусбеков көчөсүнөн Т.Молдо көч. чейин;
9. Новая көч. Ленской көчөсүнөн “Жеңиш” конушуна чейин;
10. Сухе-Батор көч. Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көч. чейин;
11. Койбагаров көч.  Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көч. чейин;
12. Фере көч. Т.Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көч. чейин;
13. Будённый көч. Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
14. Огонбаев көч. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көч. чейин.

Эске салсак, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңы салынат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.