Борбор калаада мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун катышуусуу менен «Көчө - жолдордун түйүнүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоло турган көчөлөрдү комиссиялык кыдыруусу башталды.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Бишкек шаарынын Көчө - жолдордун түйүнүн өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасынын алкагында төмөнкү көчөлөр оңдолот:

• Сухэ – Батор көчөсү Каралаев көчөсунөн баштап 7 – апрель көчөсүнө чейин узундугу 0.7 км, унаа жолунун туурасы Туштук Чоң Чуй каналынын эки жагынан 8 метр;  
• Койбагаров көчөсү Каралаев көчөсүнөн баштап  Жукеев – Пудовкин көчөсүнө чейин узундугу 1.2 км, туурасы 9 метр;
• Бектенов көчөсү Койбагаров көчөсүнөн баштап Горький көчөсүнө чейин узундугу 1.79, унаа жолдун туурасы 7 метр;
• Жайыл –Баатыра көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин узундугу 2.8, унаа жолунун эки жагынан туурасы 12 метр;
• Чортеков көчөсү Жайыл – Баатыр көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин узундугу 1.1 км, унаа жолунун туурасы 14 метр.