Ошондой эле, Токтоналиев менен Шакиров көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта жаш бутактар буталды.


Октябрь районунун кызматкерлери авариялык абалдагы жана көркүн жоготкон бактарды текшерип, жыйынтыгында аларды кыюу чечими кабыл алынган.2015-жылдын кышкы убагына 1,2 гектар жерге 650-700 көчөт кызыл карагай, туя отургузуу пландалууда.


Көчөттөрдү сугаруу үчүн арыктарды казуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, бак отургузуу иштерине сейил бакка жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары жардам берүүдө.