Жолугушууга Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары, №21 МАБдын башчысы жана райондук администрациянын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Свердлов районунун аймагында диний экстремизмге каршы туруу жана анын пайда болушуна жол бербөө максатында түшүндүрүү, тарбиялык сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Катышуучулардын алдында Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары чыгып сүйлөп, жашоочуларды кыраакылыкка чакырды, шектүү адамдар билинип калса дароо укук коргоо органдарына кайрылууга үндөдү.

Эгерде силер шектүү адамдарды байкап калсаңар жакын арадагы УКМКнын же милициянын бөлүмдөрүнө кайрылгыла же төмөнкү телефондор боюнча чалгыла:

 

0312 66 04 07- УКМК,
102, 0312 66 23 31- ИИМ,
0312 65 05 85 – УКМКнын  Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы.