Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада «Нооруз» майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынан 18-мартка чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 2551ди түздү.

Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө коронавирустук COVID-19 (Британия штаммы, Түштүк Африка штаммы) коронавирус инфекциясынын жаңы түрлөрүн табуу фактыларын, туруксуз эпидемиологиялык кырдаалды, коңшу өлкөлөрдө карантиндик чараларын күчөтүүсүн эске алуу менен, COVID-19 коронавирус инфекциясынан келип чыккан оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия Бишкек шаарынын аймагында “Нооруз”  майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти борбордогу Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда курч респиратордук вирустук инфекция белгилери менен кайрылгандардын саны балдар арасында бир жарым эсеге көбөйгөнүн белгилеген.