Урматтуу шаардыктар, “Алтын-Ордо” турак жай конушунун тургундары! “Алтын-Ордо” турак-жай конушунда Алтын-Ордо көчөсү 14 дарегинде жайгашкан жаңы мектептин курулушуна сынак жарыялай тургандыгыбызды кубануу менен билдиребиз.

Жаңы билим берүү мекемеси 480 окуучуга ылайыкталган. Долбоордук-сметалык документация толугу менен даяр.

Тендер Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.

Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык баасы 122 миллион 565 миң 569 сомду түздү. Каржылоонун булагы- шаардын бюджети.

Урматтуу катышуучулар! Тендер жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырмалар мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=270298878