Текшерүүдө Тоголок Молдо №71 көчөсүндө жайгашкан «Ай Деми» чач тарачынын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.


Ошондой эле, КТК таштоо үчүн урна болгон эмес. Мунун себебинен санитардык нормалар бузулуп, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан Турарбаев С.М.дин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.