"Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы ачык кудуктардын бардыгын тез арада капкактар менен жабууда.

Жыл башынан бери 188 агынды суулар үчүн тор  орноттук. Тилекке каршы, көптөгөн көчөлөргө капкактар менен торлорду кайрадан орнотуп жатабыз.

Акыркы жолу "Бишкасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери агынды суулар үчүн торлорду  төмөнкү кесилиштерге орнотту:
• Кустанай жана Волков көчөлөрү;

• Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү;

• Профсоюз жана Ак-Эмгек көчөлөрү;

• Шабдан Баатыр проспектиси  Чокан Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Капкактарды уурдабаңыздар, бул өтө кооптуу! Эгерде сиз капкактарды жана агынды суулар үчүн торлорду уурдалгандыгына күбө болсоңуздар, анда дароо милицияга чалыңыздар: 102.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз жана кайрылууларды (сүрөт жана видео) WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот: 0550 888162.