Бүгүн, №53- мектепте жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен муниципалитеттин түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарын алуу боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Свердлов районунун мектептеринин жана бала бакчаларынын директорлору түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуунун автоматташтырылган тутуму менен тааныштырылып, иш тартиби жана регламенти жөнүндө кеңири маалымат берилди.
2021-жылга (биринчилик жана экинчилик) социалдык объектилерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталгандыгын белгилей кетели:

• имараттын чатырын жаңылоо, капиталдык оңдоо;

• имараттын фасадын, дубалдарын  оңдоо;

• жылытуу тутумун, канализацияны, ысык жана муздак суу менен камсыздоону оңдоо;

• социалдык объектилердин имараттарын жылуулоо боюнча иштер;

• сугат тармактарын капиталдык оңдоо, жаңыртуу;

• видео байкоо камераларын сатып алуу жана орнотуу;

• имараттардын кире беришин жакшыртуу жана жарыктандыруу жана башкалар.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз, грант алууну кааласаңыз, кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн райондук акимчиликтерге кайрылыңыздар:

• Ленин акимиатынын дареги: Чүй проспектиси, №315, тел: 656897;

• Октябрь акимиатынын дареги: Байтик баатыр көчөсү, №17, тел: 576392;

• Биринчи май акимиаты, Жибек Жолу проспектиси №348, дареги боюнча жайгашкан, тел: 661537;

• Чүй проспектиси №28 дарегинде Свердлов акимиатынын эшиктери ачык, тел: 360104, 531351.

Маалымдама: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттары - бул борбор шаарды жана анын аймагында жайгашкан жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга багытталган шаардык бюджеттен акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү каражаттар.