Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

2007-жылы "Мариам" компаниясына Исакеев көчөсү, 2 "А" дарегиндеги турак эмес жайлар үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага убактылуу пайдаланууга 0,666 га аянттагы жер участогу берилген.

Бирок, ижарачы келишим боюнча милдеттенмени аткарбай, ижара төлөмдөрүн убагында төлөгөн эмес. 2021-жылдын биринчи чейрегин эске алуу менен 106 миң 942,08 сом, ошондой негизги сумманын 25% өлчөмүндө туум, бул 26 735,52 сом карызды түзгөн.

Буга байланыштуу Жер ресурстары башкармалыгы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна ижара карызынын суммасын өндүрүү жана ижара келишимин бузуу боюнча доо арызы менен кайрылган.

Октябрь райондук сотунун чечими менен доо толугу менен канааттандырылып, шаардын бюджети 133 677,6 сомго толтурулат.
Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, дареги боюнча кайрылсаңыз болот. Байланыш телефону: (0312) 45-42-73.