Урматтуу шаардыктар! Жаз-жай мезгилине даярдануу максатында «Северный» суу алуучу жайындагы жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу, эртең, 1-апрелде саат 9:00дөн кечки саат 21:00гө чейин, Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары жана ЧЧК чектелген аймакта ичүүчү сууну берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт, анын ичинде:

• №18чи, №33чү, №35чи, №75чи, №46чы, №78чи, №19- мектептер;

• №12чи, №41- бала бакчалары;

• Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги;

• "Бишкекжылуулукэнерго" комуналдык ишканасы (Васильев көчөсүндө, Ж. Гвардия бульвары 175, Урицкий көч, 40 даректеринде);

• Чимкент көчөсү 1, дарегиндеги Батыш автобекети;

• Улуттук гвардиянын башкы штабы;

• "Электросила" жоопкерчилиги чектелген коому;

• Кургак учукка каршы шаардык оорукана;

• Биринчи май районунун аскер комиссариаты, 41069 аскер бөлүгү;

• Биотехнология институту;

• "Сафонова" жеке ишканасы (химиялык завод);

• “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын автобазасы;

•  №20чы, №14чү, №13чү МАБтар;

• Туристтик база;

• Тигүү цехи (мурунку “Гиссар” жоопкерчилиги чектелген коомунун аймагы);

• Уста дүкөнү (мурунку "Хисар" жоопкерчилиги чектелген коомунун аймагы);

• "Казакстан" мейманканасы, Жибек-Жолу проспектиси, 601;

• "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Ростов көчөсү, 19Б, Ала-Арча көчөсү 74А;

• Ички иштер башкы башкармалыгынын алуучу дистрибютору Орозбеков көчөсү, 281;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Орозбеков көчөсү, 281А;

• Apple Hostel мейманканасы, Чымкент көчөсү, 1Б;

• Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы А Орозбеков көчөсү, 344А;

• №7- шаардык милиция бөлүмү, Фере көчөсү, 34А;

• №16- участкалык полиция участкасы, Орозбеков көчөсү 293/1;

• №19 полиция участкасы М.Ганди көчөсү 10/2;

• "Фрунзе" гипермаркети Жибек Жолу проспектиси, 609;

• "Арашан" мончосу М.Ганди көчөсү 208/1;

• SUNSET мейманкана үйү, М.Ганди көчөсү 110Б;

• "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы, Орозбеков көчөсү, 259А;

• Бишкек шаардык ветеринардык-санитардык коопсуздук инспекциясы, Орозбеков көчөсү, 253.

Ошондой эле, "Красный Строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын Бешик" жана "Салам Алик" турак жаңы конуштары.
Мындан тышкары, "Бишкекжылуулукэнерго" комуналдык ишканасында суу убактылуу токтоп калгандыгына байланыштуу, ишкана төмөнкү даректер боюнча жылуулук жана ысык суу түрүндө энергия берүүнү токтотууга аргасыз болду:

• №18чи, №35чи, №75чи, №46чы, №78чи, №19- мектептеринде;

• №12чи, №41чи, №187- бала бакчаларында;

• Кызыл куруучу, Жаш Гвардия, Урицкий, Геодезия 1, Геодезия 2, Аскер бөлүгү от каналарында.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жана "Бишкекжылуулукэнерго" комуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнүнөт.