Бишкек шаардык кеңешинин №316 «Аз камсыз болгон жашоочуларды жана жарандарды социалдык колдоо, жеңилдиктерге укуктары барлар жөнүндө» токтомуна ылайык, Биринчи май акимиятында жарандардын материалдык жардам көрсөтүү боюнча каттарын жана арыздарын кароо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыл башынан бери материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен бизге 418 кайрылуу келип түштү, 344 арыз каралды, алардын баарына жалпы суммасы 1 миллион 636,5 миң сомго материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Дагы 20 арыз каралууда, 54 арыз четке кагылды, алардын көпчүлүгү  туруктуу шаардык каттоосу жок, бардык документтер берилген эмес.

Белгилей кетсек, 4 миң 224 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр райондук администрациянын каттоосунда турушат, аларда 10 миңден ашуун адам жашайт.