Бүгүн, "AFEW Кыргызстан" коомдук фонду "Жаратман Жаштар" долбоорунун алкагында өспүрүмдөр үчүн коопсуз мейкиндиктерди уюштуруу жана жоопкерчиликтүү ата-энелердин моделин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Жаш муундар үчүн атайын мейкиндиктерди түзүү маселесин адистер менен биргеликте борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева талкуулады.

Биз "Жаш Муун" жаштар борборунун тажрыйбасын карап чыктык, бул жерде өспүрүмдөр бош убактысын өткөрүп, дебаттарга, экоклубдарга катыша алышат, чет тилдерин үйрөнө алышат, ошондой эле психолог жана социалдык кызматкерден кеңеш алышат, бардык кызматтар бекер берилет. Ошондой эле, борбордун адистери тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, психологдор, социалдык кызматкерлер, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдардын ата-энелери үчүн тренингдер өткөрүлүп турат.

Вице-мэр шаардык  муниципалитеттин  жаштар борборлорун ар тараптуу колдоого даярдыгын белгилеп: “Биз өз мейкиндиктерибизди пайдаланууну сунуштай алабыз, мисалы, шаардык китепканалардын жана музейлердин базасында, бул жерде мастер-класстарды жана көргөзмөлөрдү өткөрө аласыздар. Мисалы, 2020-жылдын декабрь айынын башынан бери туруктуу окурмандар үчүн маалымат сессияларын өткөрүп келе жатабыз », - деди А.Чыныбаева.

Белгилей кетсек, "Жаратман Жаштар" долбоору республиканын ар кайсы аймактарында айыл өкмөттөрүнүн, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүн жана жаштар иштери боюнча адистерди окутат. Программа БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу жана БУУнун Тынчтык куруу Фондусунун каржылоосу менен AFEW Кыргызстан, Techaim жана Youth of Osh ассоциациялары тарабынан ишке ашырылууда.