Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлгө алынып, Бишкек шаарынын бардык аймагында санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Акимчиликтердин мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы  менен биргеликте базарлардагы, соода борборлорундагы, супер маркеттердеги, кафелердеги жана башка ишкердик субъекттериндеги соода түйүндөрүн кыдырып, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспорттун салондорун текшерүүдө.

Тилекке каршы, Свердлов районунун аймагында ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык эрежелерди сактабаган көптөгөн фактылар аныкталды. Атап айтканда, маска режими дээрлик сакталбайт, тазалоочу каражаттар жок же антисептикалык каражаттар толукталбайт.

31-мартка карата райондун мобилдик тобу тарабынан 30га жакын ишкердик субъекттери текшерилип, бир санитардык буйрук чыгарылды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренеси боюнча жалпы 37 миң сомго тогуз административдик протокол түзүлдү.

Октябрь районунда 78 чарба субъектиси текшерилип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан   293-берене боюнча 13 протокол түзүлүп, 26 эскертүү  берилген.

Ленин районунда биз 86 ишкердик субъектилерин кыдырдык: кафелер, сулуулук салондору, базарлар, дүкөндөр, интернет клубдар жана соода борборлору. Бир кафеге карата үч миң сомдук протокол түзүлдү.

Биринчи май районунун жыйын залында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын  жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын күчөтүү максатында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Коомдук тамактануучу жайлардын, "Вефа", "Бишкек парк", "Бета Сторес", "Караван" соода борборлорунун,  "Фрунзе", "Глобус", "Народный"  гипер жана супермаркеттеринин "OPR Азиз", "Кудайберген»  базарларынын  жана банкет залдары  ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана өндүрүүчүлөр! Сураныч! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Колдоруңузду таза кармап, аралыкты сактаңыздар. Вирус коркунучтуу, ар бирибиз өзүбүздү өзүбүз коргогондо гана жуктуруп алгандардын өсүшүн токтотуу мүмкүн. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!