Урматтуу шаардыктар, “Ак-Ордо” жаңы конушунун тургундары! “Ак-Ордо” конушунун Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы бала бакчанын курулушуна дагы бир тендер жарыялай тургандыгыбызды кубануу менен билдиребиз.
Жаңы мектепке чейинки жалпы билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкталган. Долбоордук-сметалык документтери толугу менен бүткөрүлдү.

Бул эки кабаттуу имарат болот, биринчи кабатында оюн бөлмөлөрү, ашкана, буфет, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө  даараткана,  чарбалык жай, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинеттер пландаштырылган. Экинчи кабатында мугалимдердин иш бөлмөсү, музыкалык + спорт залы, оюн бөлмөлөрү, ашкана, кабыл алуу бөлмөлөрү, чарбалык кабинет жана кампа каралган.

Тендер Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт. Жаңы жалпы билим берүү мекемесинин курулушунун баштапкы сметалык баасы 123 млн 119 миң 893 сомду түзгөн. Каржылоонун булагы шаардын бюджетинен каралган.

Урматтуу катышуучулар! Тендер жана техникалык тапшырма боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: http://zakupki.gov.kg/.