Урматтуу шаардыктар! Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жакынкы саатта жана саат 13:00дөн кийин кар жана катуу шамал күтүлүүдө.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Урматтуу айдоочулар! Кырсыктарды алдын алуу үчүн унааларыңыздарды бак-дарактардын жана жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтотпооңуздарды суранабыз.

Абайлаңыздар! Өзүңүздөргө сак болуңуздар!

Өзгөчө кырдаалда, куткаруу кызматы 112ге чалыңыздар, борбор калаанын мэриясынын Call-борбору  күнү-түнү арыздарды жана кайрылууларды  1840 жана 1850 кыска номерлери  аркылуу кабыл алат, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.

Биз ар дайым байланыштабыз.