Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр!  Бүгүн, Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде троллейбус линиясы үзүлдү.  Шаардык транспорт башкармалыгынын ремонттук бригадасы ыкчам жерине барып,  мүчүлүштүктөрдү аныктап жатышат.

Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга карабастан, коомдук транспорттун бардыгы кадимки режимде иштешет, шаардык транспорт башкармалыгынын адистери абалды көзөмөлдөп турушат.

Бүгүнкү күндө жүздөн ашуун муниципалдык жана жеке автобус, 124 троллейбус жана 1657 кичи автобус каттамга чыкты.

Коомдук транспорттун иши боюнча, биз ар дайым төмөнкү номерлер аркылуу жооп берүүгө даярбыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын ишине көзөмөл жүргүзөт: 0553022753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.