Урматтуу шаардыктар, мектеп окуучулары жана ата-энелер! 3-4-апрель күндөрү  өтө турган англис тилинен биринчи шаардык инновациялык олимпиада "Газпром Кыргызстан" мектебинде өтөт.

Бишкек шаарындагы орто мектептердин 8-11-класстарынын 40 окуучусу чет тил боюнча мыкты наамы үчүн ат салышат, бардык катышуучулар райондук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган CEFR эл аралык стандартына ылайык, катышуучулар төрт модуль боюнча бааланат:

• Listening (угуу көндүмдөрү);
• Reading (окуу көндүмдөрү);
• Writing (англис тилинин жазуу көндүмдөрү);
• Speaking (англисче сүйлөө көндүмдөрү).

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.  Борбордук Азиядагы Америка Университетинде жана Инновация колледжинде окуу акысы арзандатылып, SLKGде DynEd мультимедиа ыкмасы менен англис тилин окутуу сертификаттары берилет.

Белгилей кетсек, DynEd – the smart way to English мультимедиялык окуу-усулдук комплекси ачык-айкындуулукту жана объективдүүлүктү жогорулатуу үчүн колдонулат.

Олимпиада Кыргыз Инвестициялык жана Кредиттик Банкынын, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин жана Инновациялык колледжинин (БААУ)  колдоосу менен өтөт.

Аталган олимпиаданы  шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы жана Steppe Learning KG тил мектеби уюштурууда.

Толук маалымат: 0556 602 229 - Steppe Leanring KG компаниясынын директору Айнура Сагынбаева, 0552 261965 - Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Анара Алимбекова.