Борбордук мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.

Ыңгайлуу аба-ырайы башталаары менен "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында жолдорго шагыл төгүү иштерин кайрадан баштайбыз.

Бул иштерге шаардык бюджеттен 2 миллион 166 миң 725 сом бөлүнгөн. Мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсунун жыйынтыгында бөдрөтчү - «Технотоп» курулуш компаниясы аныкталды.

Ошондой эле, аба ырайы жылыган сайын, Ак-Өргө конушундагы Алтын-Бакан, Бекет, Үркөр көчөлөрүнө шагыл төгүү иштерин баштай беребиз.

Келишим боюнча жумуштун наркы болжол менен 1,3 миллион сомду түзөт.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсунун жыйынтыгы боюнча боюнча "Технотоп" жана "Ысык-Кол Дор Строй" курулуш компаниялары объекте иштешет.

Урматтуу шаардыктар! Биз ар дайым жардам берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Сиздер, Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы Бишкек шаарынын мэриясынын расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолоруңузду берсеңиз болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Мындан тышкары, бардык кайрылууларды жана арыздарды  1840, 1850, 0 (312) 591802 номерлерине калтырсаңыздар болот, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 182-185 WhatsApp номерине жөнөтүңүздөр.