Урматтуу шаардыктар, Газ шаарчасынын  тургундары! 1-апрелде саат 15:00дөн баштап Газ шаарчасында жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу  жанданды, "Газпром" ЖЧКсындагы авария жоюлду.

Эске салсак, "Газпром" ЖЧКсындагы авариялык иштерге байланыштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы Газ шаарчасынын жашоочуларынын үйлөрүнө жылуулук жана ысык суу түрүндө жылуулук энергиясын берүүнү токтотууга аргасыз болгон.

Эгерде сизде жылуулук же ысык суу маселеси келип чыкса, анда диспетчердик кызматка төмөнкү номерлерге күнү-түнү чалып байланышсаңыздар болот: 0701 777110 (WhatsApp), 0312 212906.

Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн (айдын 17нен 24үнө чейин): 0504828229 (WhatsApp) номерине жиберип же  0312 492535 номуруна чалсаңыздар болот.

Эске салсак, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи районун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин турак жай массивин, калгандарынын бардыгын улуттук энергетикалык холдингдин туунду компаниясы - "Бишкекжылуулуктүйүнү" ачык акционердик коому жылуулук менен камсыз кылат.