Шаардык муниципалитеттин жетекчилиги шаар тургундары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.

Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жума сайын жеке кабыл алууларын өткөрөт.

Бул жолку жеке кабыл алууга 9 шаар тургуну келди. Шаардыктар  жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, бөлүп берүү, ижарага берүү, ар кандай объектилерди куруу жана турак жай бөлүп берүү боюнча кайрылышты.

Бишкек шаарынын тургундарынын ичинен “Мээр Жазы” коомдук бирикмесинин төрайымы Ю.Бекмуратова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борбор куруу үчүн жер тилкесин сурады. Ошондой эле, шаар тургуну Э.Төралиев вице-мэрге Мурас-Ордо конушундагы мектеп жана мечиттин курулушу боюнча кайрылды.

Бардык кайрылуулар боюнча А.Сагындык уулу тиешелүү кызматтарга КРнын мыйзамына ылайык бардык маселелерди тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергеновдун жеке кабыл алуусу шейшемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин өтөт, алдын ала: 61-07-05 номерине жазылыңыздар.

Калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев шаар тургундары менен шаршемби күнү саат 16:00дөн 17: 00гө чейин жолугат, 625826 номери аркылуу жазылсаңыз  болот.

Транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Руслан Акылбеков жана вице-мэр Азамат Сагындык уулу жер маселелерин, архитектура жана курулушту көзөмөлдөшөт, бейшемби күндөрү саат 14: 00дөн 16: 00гө чейин байланышта болушат. Р.Акылбековго - 613680, А.Сагындык уулуна - 610733 номерлери боюнча алдын ала жазылууңузду өтүнөбүз.

Социалдык саясат боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жана турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев шаар тургундарын шаршемби күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат. Сиз төмөнкү телефондор аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот.  А.Чыныбаева: 613680, Ж.Ырсалиев: 613683.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Ренат Айтымбетов жума күндөрү саат 16:00дөн 17:00гө чейин жеке кабыл алууларды өткөрөт, телефон: 613683.

Жеке кабыл алуу боюнча кеңири маалыматты 61-07-05 номерине чалып (жалпы бөлүм) алсаңыз болот.