11-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы менен участкалык шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү, материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык режимди сактоо маселелери боюнча ыкчам жооп кайтаруу максатында, райондук акимчиликтердин базасында колл-борборлор түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына УШКларды уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо гана милдети жүктөлгөн.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиз акимиаттын, МАБдын кызматкерлерин, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин алдыдагы шайлоого, үгүт иштерине кийлигишүүлөрүнө  күбө болсоңуз, анда бизге тез арада кабарлап коюңуз:

Арыздар эртең мененки саат 9:00дөн  кечки алтыга чейин кабыл алынат:

Ленин району: 0 (312) 88-74-31, ошондой эле сүрөт жана видеолор үчүн  WhatsApp (0702) 927288;
Биринчи май району: 0 (312) 62-12-23, 0 (312) 32-50-92, ошондой эле WhatsApp (0999) 312666 номерине сүрөт жана видеолорду жөнөтүңүз;
Октябрь району: 0 (312) 57-94-40; 57-63-80, WhatsApp (0772) 408412;
Свердлов району: 0 (312) 43-38-63, WhatsApp (0706) 680544;

КР БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.