Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Биринчи май районунда, Жибек-Жолу проспектиси 328 дарегинде "Тулпар" жеңилдетилген кызыл карталарын берүү боюнча тейлөө борбору жабылды.

"Тулпар" картасына байланыштуу карталарды жана кызматтарды алуу үчүн, Биринчи май районунун тургундары Чүй проспектиси 315 (Ленин райондук администрациясынын имараты, 1-кабат) боюнча Ленин районунун тейлөө борборуна кайрыла алышат.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! «Тулпар» командасы буга чейин райондогу пенсионерлерге жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеңилдетилген карталарды берүү үчүн тейлөө жана башка жайларды бөлүп берүү өтүнүчүн жөнөткөн.

Калган «Тулпар» кызыл картасын берүү пункттары кадимки режимде,  дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 9дан кечки алтыга чейин иштейт.

Ленин жана Биринчи май райондорунун тейлөө борборлору:

Чүй проспектиси, 315 (Ленин райондук администрациясынын имараты)

Свердлов районунун тейлөө борбору:

Чүй проспектиси, 28 (Свердлов райондук администрациясынын имараты)

Октябрь районунун тейлөө борбору

Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Октябрь райондук администрациясынын имараты)