Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинде жазуучу, котормочу, публицист, ислам агымдары жана террорчулук боюнча эксперт, КРнын  Улуттук жазуучулар союзунун башкармалыгынын, КРнын журналисттер союзунун, Евразия чыгармачылык гильдиясынын (Лондон) мүчөсү, ондон ашуун китептердин, 270 макаланын, илимий изилдөөлөрдүн автору Бегижан Ахмедовдун "Дербиш" аттуу китебинин бетачары болуп өттү.

Автордун аталган эмгеги 2019-жылдын 13-ноябрында Брюссель шаарында жарык көрүп, окурмандардын кызыгуусун жаратып, ушул кыска убакыттын ичинде 8 улуттун тилдерине которулган.

"Дербиш" китеби экологиялык, рухий, экономикалык жана диний киризистерге тиешелүү суроолордун тегерегинде жазылган.

Башкача айтканда, "Дербиш" китеби эң мыкты эмгектеринин бири экендиги талашсыз.

Баарыңыздарга ушул китепти сунуштайбыз.