Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын пландуу жыйыны болуп өттү.

Жыйында 121 маселе каралып, анын ичинен 73 ижара келишими түзүлгөн. 38 суроо кошумча изилдөө үчүн кийинкиге калтырылды, ону баш тартылды.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүнү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрылсаңыз болот, телефон: (0312) 45-42-73.