Шаар өз ишин улантууда. Ленин районунун жаңы дайындалган башчысы Мелис Өскөмбаев Чоң-Арык конушунда көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйында №17 үй-бүлөлүк медицина борборун куруу үчүн жерди аныктоо жана коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Учурда мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы 2021-жылга титулдук тизмеге ылайык, жаңы клиниканын долбоордук-сметалык документтерин даярдап жатат.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча 1840 жана 1850 кыска номерлерине чалсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтүңүздөр.