Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүн кыдырууну улантууда, биз зордук-зомбулукка кабылган, кайыр сураган же жумушка мажбур болгон балдарды издеп, тилекке каршы табуудабыз.

Ленин акимиатынын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү жана билим берүү башкармалыктары менен биргеликте түнкү жана күндүзгү рейддерди өткөрүштү.

Рейддин жыйынтыгында компьютердик клубдарда 12 бала кароосуз жүргөнү аныкталып, алардын ичинен 4 бала Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна аты-жөнүн такташ үчүн жөнөтүлдү, 8 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, каникул учурунда ата-энелерине жардам берген төрт баланын ата-энесине  балдардын укугун коргоо жана балдар эмгегин пайдаланууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы рейддер ар дайым болуп турат.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, сактоо жана коопсуздугу үчүн сиздер жооптуусуздар жана балдардын эмгегин (кандай гана жумуш болбосун) колдонууга тыюу салынат!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуздар, токтоосуз милицияга 102ге жана бизге, райондордогу үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө кабарлаңыздар:

• Октябрь району: 510375;
• Ленин району: 883899;
• Свердлов району: 530576;
• Биринчи май району: 670386.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111.