Урматтуу шаардыктар! Шаардык мэрия билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда.

“Кара-Жыгач” конушунун Исакеев жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишине дагы бир жаңы бала бакчанын курулушуна сынак жарыялай тургандыгыбызды кубануу менен билдиребиз.

Жаңы мектепке чейинки жалпы билим берүү мекемеси алты топко, 140 орунга ылайыкташтырылган. Долбоордук-сметалык документациясы толугу менен бүткөрүлүп, бекитилди.

Бул эки кабаттуу имарат болот, биринчи кабатында оюн бөлмөлөрү, ашкана, буфет, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө, даараткана, техникалык жай, кабыл алуу бөлмөлөрү, мугалимдердин иш бөлмөсү орун алат. Экинчи кабатта музыка + гимнастика залы, усулдук кабинет, оюн бөлмөлөрү, ашкана, кабыл алуу бөлмөлөрү, сактоочу бөлмөлөр жана башка бөлмөлөр жайгашат.

Тендер Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.

Жаңы жалпы билим берүү мекемесинин сметалык баасы 54 миллион 438 миң 779 сомду түздү. Каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Ак-Ордо”, “Дордой” жана “Кара-Жыгач” жаңы конуштарында үч бала бакчанын курулушун баштоону пландаган. Бардык объектилерге тендер жарыяланды, долбоордук-сметалык документтер алдын ала даярдалды.

Урматтуу катышуучулар! Тендер жана техникалык тапшырма боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: http://zakupki.gov.kg/.