Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов, акимдер жана шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча үстүбүздөгү  жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн жүрүшүндө материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу маселелери  талкууланды.

Жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү жана жөлөк пул толугу менен же жарым-жартылай алган бардык адамдар (кварталдык, үй комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери ж.б.) шайлоо жана үгүт процесстерине катышуу жана кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө эскертүү алышкан.

Борбордун төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь - 59, Биринчи май - 49, Свердлов районунда - 58.

Райондук администрациялардын башчыларына УШКларды керектүү эмеректер, оргтехника, генераторлор жана башка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу тапшырылды.

Социалдык иштер боюнча калаанын вице-мэри А.Чыныбаевага ар бир шайлоо участкасында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, райондук администрациялардын базасында шайлоо боюнча колл-борборлор түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер акимиаттын, мунуципалдык аймактык башкаруунун кызматкерлеринин, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин алдыдагы шайлоонун үгүт иштерине кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, анда тезинен бизге кабарлаңыздар. Арыздар эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин кабыл алынат.

• Ленин району: 0 (312) 88-74-31, сүрөттөрдү жана видеолорду WhatsAppка жөнөтүңүздөр: (0702) 927288;
• Биринчи май району: 0 (312) 62-12-23, 0 (312) 32-50-92, WhatsApp: (0999) 312666;
• Октябрь району: 0 (312) 57-94-40; 57-63-80, WhatsApp: (0772) 408412;
• Свердлов району: 0 (312) 43-38-63, WhatsApp: (0706) 680544.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефону: 1255, 660240.