2-мартта "Шыдыр Жол Кей Джи" ишканасынын директору мэрдин милдетин аткаруучунун жеке кабыл алуусуна катышкан. Жолугушууда коомдук транспорт менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Бишкек шаарынын коомдук транспортун тейлеген вице-мэр Руслан Акылбековго маселени белгиленген тартипте иштеп чыгуу тапшырылды. Вице-мэр газ менен иштөөчү автобустарын жана электр автобустарын (600дөн 1000ге чейин)  жеткирүү боюнча мындан аркы кызматташуу жаатында «Шыдыр Жол Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги Т.Оргалч жана А.Доспаев менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгы «Шыдыр Жол Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигин диалогго бир нече жолу чакырган, бирок биздин өтүнүчтөрүбүз жоопсуз калып келген.

Кызматташууда шаардыктар автобустардын санитардык-техникалык абалы, айдоочулар тарабынан жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын бузуу боюнча “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын ишине көптөгөн арыздарды калтырышкан.

2016-жылдын 16-декабрындагы кол коюлган Меморандумдун алкагында «Шыдыр Жол Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коому 2017-жылдын 30-январынан кечиктирбестен Бишкек шаарына кеминде 40 (кырк) бирдик өлчөмүндөгү автобустардын биринчи партиясын жеткирип берүүгө милдеттенме алган.

2017-жылдын 23-июнундагы ушул эле Меморандумдун кошумча келишимге ылайык, компания 2017-жылдын 30-декабрына чейин кеминде 100 даана автобустардын биринчи партиясын жеткирип бериши керек болчу. Бирок, бул пункттар аткарылган жок.

Меморандумдун жана ага толуктоонун алкагында 2019-жылдын 10-октябрында «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы менен Бишкек шаарынын №25чи муниципалдык каттамын убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Келишимдин шарттарына ылайык, компания 2017-жылдын 30-августуна чейин шаардык жүргүнчү ташуучу автобустарын сатып алууга милдеттенме алган, "Шыдыр Жол Кэй Джи" ЖЧКсы  Бишкек шаарынын мэриясына 2022-жылга чейин өзүнүн автобус паркын өнүктүрүү боюнча белгилүү бир графиг менен сунушталган иш-чаралардын планы менен камсыз кылуу милдетин алган.

Кол коюлган Меморандумдардын алкагында төмөнкү пункттар аткарылган жок:

№35- автобус каттамы. 2017-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын муниципалдык №35- каттамын, 2022-жылдын 3-октябрына чейин убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Планга ылайык, бул каттамдагы автобустардын саны 14 унаа. Учурда линиядагы автобустардын саны иш жүзүндө 10-11ди түзөт.

№5- автобус каттамы. 2018-жылдын 6-декабрында №5- муниципалдык каттамын ачык тендерге чейин  убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө келишимге кол коюлган. Бирок, “Шыдыр-Жол Кей Джи” ЖЧКсынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы катына ылайык, №5- автобус каттамы жабык.

№25- автобус каттамы. 2019-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын №25- муниципалдык каттамын убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө  макулдашууга кол коюлган. Шарттарга ылайык, компания шаардык жүргүнчү автобустарын сатып алууга милдеттенген, бирок иш жүзүндө шаарлар аралык автобустар сатылып алынган. Келишимдик милдеттенмелер аткарылбагандыктан, №25- каттам иштебей турат.

Учурда компаниянын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына унаа паркынын аймагын пайдалангандыгы үчүн 1 миллион 53 миң сом өлчөмүндөгү ижара карызы бар.