Бүгүн, түштүк магистралдагы жаңы паркта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Тянь-Шань карагайларын отургузууга катышты.

Иш-чарада "Шамшыкал" кайрымдуулук фонду Тянь-Шань карагайынын 60 көчөтүн, 70 туя көчөтүн жана 70 кайың көчөтүн "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасына тапшырып берди.

Туя жана кайың дарактары "Бишкекзеленхоз" питомнигинде бир жыл бою өстүрүлүп, андан кийин сейил бакка отургузулат.

Мындан тышкары, ишкана ирригациялык тутумду иретке жана калыбына келтирүү, сугат суу түтүкчөсүн куруу боюнча иштерин улантып, борбор калаанын паркында жашыл аянттарды сугаруу үчүн төрт жаңы скважина казат.

Күч бирдикте!