Ишемби күнү эртең менен бишкектиктер салтка айланган жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Борбор шаарды тазалоого шаар тургундары, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк  бөлүмдөрүнүн, шаардык кызматтардын, райондук администрациялардын кызматкерлери, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү, жалпысынан 10 450 адам катышты.

Ишембиликте  103,5 тонна таштанды жыйналып, чыгарылды.

Жалпы шаардык ишембиликке катышкан жана сүйүктүү шаарыбыздын кыйла таза болушуна жардам берген ар бир жаранга ыраазычылык билдиребиз!