Бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри А.Чыныбаева быйылкы жылдын баш калаада  12 жашаар баланы ит талаган окуяга байланыштуу жыйын өткөрдү.

Эске салсак, 1-апрелде шаардык медициналык тез жардам көрсөтүүчү балдар клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнө итке таланган бала жаткырылган.

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 119-беренеси "Майда бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө иттин ээси н изелүүдө.

Жолугушууга Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү Сулайманова Н.Ж., Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынан Сальпиев С.Б, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясынын башчысынын орун басары Сыдыков Ш.М., Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун   башкы дарыгеринин орун басары Рыскулбеков А.Б. катышты.

Бул окуяга күбө болгон жарандар, сиздерди ротвейлер түрүндөгү итинин ээси жөнүндө маалыматты телефон аркылуу берүүнү суранабыз:

102 - Милиция;
0500 43 28 15 - Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү;
0312 37-01-73 - Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы

Урматтуу ит багуучулар! Сураныч, коопсуздук жөнүндө унутпаңыз, иттериңизди кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүп жана коомдук жайларда жүргөндө ооздугун тагыңыз.

Маалымат үчүн: Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы, 2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 4337 итке кутурмага каршы эмдөө жүргүздү.