Түркстан шаарында (Казакстан) Евразиянын бүткүл дүйнөлүк мурас шаарларынын 10-эл аралык конференциясы болуп өттү: Мурас, туризм жана шаар куруу.

Жолугушуу онлайн режиминде өттү.

Конференцияга дүйнөнүн 30дан ашык шаарларынын өкүлдөрү, анын ичинде борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева катышты.

Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмунун долбоорлору, Дүйнөлүк Мурас объекттилери көрсөтүлдү. COVID-19 пандемиясынын маданий туризмге жана виртуалдык туризмдин өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, мурастарды сактоо жолдорун жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык.

Конференция Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмунун башкы катчылыгынын колдоосу менен Түркстан шаарынын акимчилиги жана Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмунун Евразия аймактык катчылыгы тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты Евразия аймагындагы шаарлардын өкүлдөрүн Дүйнөлүк мурасты сактоо, пайдалануу жана жайылтуу маселелерин талкуулоо жана алардын чечимдерин издөө үчүн бириктирүү болгон.