Шаардык кызматтардын күнүмдүк жашоосу ар кандай, чынын айтканда, кээде шаардыктардын коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн кандай тоскоолдуктар менен күрөшөөрүбүздү билбей калабыз.

Бизге, Кара-Балта көчөсүндө ичүүчү суу агып, авария болгондугу тууралуу билдирүү келип түштү. "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери дароо жерине барып, түтүккө бекиткич орнотуп, аварияны жоюушту.

Ал эми Чайковский көчөсүндө, диаметри 300 мм болгон коллектордо агынды суулар сыртка агып жаткан, биздин суу тазалоо кызматы тез арада баарын иретке келтиришти.