Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлөт. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбор калаада жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, апрель айына карата  аба- ырайын эске алуу менен  2020-2021-жылдагы жылытуу мезгили 2021-жылдын 6-апрелинен тартып жыйынтыкталат.

Бишкек шаарындагы ЖЭБге, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому, “Бишкекжылуулук" коммуналдык ишканасына жана ведомстволук буу казан ишканаларынын башчыларына борбордун имараттарын жана бөлмөлөрүн жылуулук менен камсыз кылган жылытуучу жабдууларды өчүрүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы шаардын батыш тарабын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган мэриянын түзүмдүк бөлүмү. (Жал, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы кичи райондору жана Совмин турак жай массиви, калгандарынын бардыгын улуттук энергетикалык холдингдин туунду компаниясы - «Бишкекжылуулуктүйүнү» ачык акционердик коому жылуулук менен камсыз кылат.

Маалымдама номерлери:

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы: 212906, 0701 777110 (WhatsApp).

"Бишкекжылуулуктүйүнү" ачык акционердик коомунун байланыштары: http://www.teploseti.kg/content/page/38-kontakty

Азыркы учурда, "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы Боталиев жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишиндеги түтүктөгү аварияны жоюу иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, "Достук" кичи районундагы 8в үйүнүн жанындагы канализация тармагындагы тоскоолдуктар тазаланды.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланыштуу бардык суроолор боюнча 1533 кыска номерине чалыңыздар. Бул шаардыктардын  кайрылууларын жана арыздарын кабыл алган  бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары күнү-түнү кайрылууларды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.