Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам көрсөтүү борборунда борбордогу эпидемиологиялык кырдаал боюнча дарыгерлердин ыкчам кеңешмеси болуп өттү.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Новиков, борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри А.Чыныбаева, тез жардам көрсөтүү борборунун башкы дарыгери И.Шаяхметов, ошондой эле, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү талкуулашты.

Тез жардам кызматы чакыруулардын бир күндүк орточо саны туруктуу экендигин белгиледи. Өткөн бир сутканын ичинде 512 адам тез жардам кызматына кайрылышкан, чалуулардын саны 1923тү түзгөн, 402 сапар болуп, 292 адамга телефон аркылуу консультация берилди, 113 жаран ооруканага жаткырылды, анын ичинен 5 адам COVID-19 вирусу менен, пневмония менен 13 адам, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган 9 адам катталды. Шаарда 37 бригада жана 37 унаа тынымсыз иштөөдө.

Эгерде шаардыктардын арасында ковид учурлары көбөйгөндүгү байкалса, клиникалык ординаторлордун жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курстарынын студенттеринин курамында кошумча тез жардам бригадасынын резерви түзүлгөн, 6 резервдик топтун медициналык жабдыктары (желдеткичтер, кычкылтек ингаляторлору, байланыш каражаттары ) даярдалган, жеке коргонуу каражаттары жетиштүү санда.

Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактоону суранабыз: гигиенаны жакшыртып, бет кап тагынып, аралыкты сактаңыздар. Өз алдынча дарыланбаңыздар, жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз же 118 борборуна чалыңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!