Аталган тармактын кызматкерлерин Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктады.  Өзгөчөлөнгөн  кызматкерлер  Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык барактары менен сыйланды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктоо сөзүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.


«Бардык шаардыктардын маанилүү турмуштук маселелери жергиликтүү органдар тарабынан чечилет. Бул – электр, жылуулук, газ жана суу жабдуулары, кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу жана чогултуу, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу»,-деди калаа башчысы.