Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы менен шаардык кызматтар шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун эс алуусу үчүн коомдук жашыл жайларды көбөйтүү боюнча иштерин улантышууда.

Жакында борбор калаада дагы бир жашыл аймак пайда болот, Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде сейил бакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат.

Бул маселе мэрдин милдетин аткаруучунун жеке көзөмөлүндө. Бүгүн, борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу аталган аймакта көчмө жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, жер ресурстары башкармалыгында буга чейин муниципалдык жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясында келечектеги парктын аймагындагы жеңил салмактагы объектилер менен бардык келишимдик милдеттенмелер токтотулган, алар башка жакка көчүрүлөт.

Жашыл зонаны жакшыртуу шаардын бюджетине таасирин тийгизбейт, инвестор долбоордун бардык чыгымдарын өз мойнуна алган.