Бул жаңылык эстетикалык жагымдуу эмес, бирок абдан маанилүү, анткени бул жерде канализация тутумуна жана ага болгон этиятсыздык мамиленин кесепеттери тууралу болот.

Патрис Лумумба көчөсүндөгү 58-үйдүн канализациясындагы тыгынды тазалоодо, "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери ички канализация тармагынан үйүлгөн таштандыларды: ич кийимдерди жана нымдуу салфеткаларды чыгарышты.

Мунун бардыгы диаметри 100 мм болгон канализациялык түтүккө тыгылып, натыйжада тоскоолдукка алып келген.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы азык-түлүктү, курулуш жана синтетикалык материалдарды, эрибей турган заттарды, ошондой эле тиричилик таштандыларын канализация тармагына таштабоону өтүнөт.

Таштандыларды атайын таштанды челектерине ыргытууңуздарды суранабыз, анткени канализация тармактарына тыгылган таштандылар, тутумдагы авариялык абалга жана тармактардын иштешине жана агынды сууларды тазалоого тоскоол болот. Канализацияны башка багытта пайдалануу сиздин ыңгайлуулугуңузга гана эмес, шаардын экологиясына дагы зыян келтирерин эсиңизге салабыз.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланыштуу бардык суроолор боюнча 1533 кыска номерине чалыңыздар. Бул шаардыктардын  кайрылууларын жана арыздарын кабыл алган  бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары күнү-түнү кайрылууларды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.