Муниципалитеттин кызматкерлери шаардын борборунда эле эмес, ири базарлардын айланасындагы мыйзамсыз, башаламан соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча иш-чараларды күн сайын жүргүзүп жатат.

Октябрь акимиатынын кызматкерлери «Орто-Сай» базарынын айланасында, аны менен бирге жакын жайгашкан Юнусалиев, Сүйөркулов жана Безымянный көчөлөрүндөгү башаламан соода-сатыкка бөгөт коюу жана аны жоюу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында, 20 башаламан соода түйүндөрү жоюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120-беренесине ылайык, 3 протокол толтурулду.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор ичинде соода-сатык жана жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоону суранат.

Маалымдама: 120-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет: жеке адамдар үчүн - 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн - 13 миң сом.