Шаар ишин улантат. Шаардык мэрия калаадагы жашыл зоналарды көбөйтүү менен шаар тургундары үчүн абаны тазартуу иштерин улантууда.

Учурда Байтик баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Балалык" сейил багында,  Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын бет маңдайындагы жана Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактарда курулуш иштери улантылууда.

Курулуш объектилериндеги иштин жүрүшүн курулуш, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу дайым көзөмөлдөп турат.

8-апрелге карата "Балалык" сейил багында 10 гектардан ашык аянтта жер казуу иштери жүргүзүлүп, ички инженердик тармактарды, санитардык түйүндөрдү, насостук станцияны куруу иштери аяктады. Ирригациялык тармактарды орнотуу иштери 70%га, ал эми бактарды отургузуу иштери 80%га бүттү. Ошондой эле жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулду.

Учурда кире бериш топту мрамор плиткалары менен чаптоо иштери аяктап, таманташтар төшөлүп, бордюрлар коюлуп, арыктар салынып жатат.

Эскерте кетсек, курулуш иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «Ак-Ниет Курулуш» компаниясы жүргүзүүдө.

Азамат Сагындык уулу жумуштун жана курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл буруусун куруучулардан суранды.

Ушул эле учурда Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы сейил багынын курулуш иштери да аяктап калды.

Эскерте кетсек, жаңы коомдук жайдын жаңылануу иштери 2019-жылы башталган.

7,46 гектар аянтты ээлеген сейил бакка 12 миң чарчы таман таштар төшөлүп, 1200 погондук метр жарыш жолу салынды. Отургучтар, урналар, балдар үчүн оюн аянтчасынын модулдары орнотулуп,  машыгуучу аянтча, скейт паркы, мини футбол талаасы жана эки коомдук ажааткана курулуп бүттү. Ошондой эле унаа токтоочу жайлар да уюштурулган. Жаңы сейил бакты 151 көчө фонары жарык кылат.

Үстүбүздөгү жылы 52 көзөмөл камера орнотуу жана сервер бөлмөсүн куруу иштери каралган. Бүгүнкү күнү сейил бактын жаңылануу иштери 95%га аткарылды.

Жаңы сейил бакты куруу иштерин Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшыргы менен "РСК" курулуш компаниясы жүргүзүүдө.

Сейил бактардын курулушу шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.