Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин Токомбаев көчөсүнө Сухэ-Батор көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүктөгү жолдун жээгине айдоочулар унааларын жашыл аймактын, чөптүн үстүнө токтотуп, стихиалуу унаа токтотуу жайын уюштуруп келишкен.

Шаар тургундарынын коопсуздугу жана шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери топуракты ылдыйлатып, көк майсан себүү  жана жандуу кашаа отургузуу иштерин өткөрүштү.

Биз Токомбаев көчөсүнүн жээгине  үч миң даана свидина отургуздук, жалпысынан 10 миң даана жандуу кашаа отургузууну пландап жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Шаарыбызды көздүн карегиндей сактап, муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылыңыздар.

Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!