Урматтуу шаар тургундары!
Кадырлуу меймандар!


Сиздерди шаар күнү, Бишкектин туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!


Бүткүл өлкө үчүн Бишкек дайыма жогорку маданияттын жана билим берүүнүн мисалы болгон. Шаар Бишкектиктердин көптөгөн муундарынын,  ар кайсы кесиптеги адамдардын, жашоочулардын эмгеги.


Бишкек биздин сүйүктүү шаарыбыз, биздин жүрөгүбүз. Биздин уул-кыздарыбыз чет өлкөлөргө окууга, жумушка кетип жатып, канча убакыт өтпөсүн сөзсүз бул шаарга кайра келет.


Кайда болбосун Бишкек үчүн жандарын беришет жана анын урматына ыр жазышат, кино тартышат.


Бул жерде жашаган ар бирибиз шаардын көчөлөрүндө кенен басып, абасы менен дем алып жүргөнүбүз үчүн бактылуубуз деп ойломун.


Биз туулуп өскөн, сүйүктүү шаарыбызды коргоп,  өнүктүрүп өстүрүп,  жакшыртуу биздин милдетибиз.


Урматтуу шаардыктар!


Сиздерди дагы бир жолу  Шаар күнү, Бишкектин күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Сиздерге  чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай  жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп,  борборубуз – Бишкек мындан ары гүлдөп өнүгүп өсө берсин!