Урматтуу шаардыктар! Ажыбек баатыр көчөсүндөгү суу алгычты оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 9-апрелде саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси жана Ахунбаев, Ш.Руставели, Сухомлинов, Тыналиев, Бакаев, Грибоедов жана Ажыбек баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын өтүнөт.

Урматтуу бишкектиктер! Суу менен камсыздоого байланышкан кайрылууларды 1533 кыска номерине калтырсаңыздар болот. Ошондой эле бардык кайрылууларды жана арыздарды мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыскан номерлери аркылуу күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp: 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.