Урматтуу шаар тургундары! Жаздын келиши менен Сухэ-Батор көчөсүндө  Саякбай Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки жолду оңдоп-түзөө иштери башталды. Анда Аламедин дарыясынан өтүүчү көпүрө курулат.

Оңдоп-түзөө иштерин курулуш, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу жетектейт.

Долбоорго ылайык, Сухэ-Батор көчөсү оңдоп-түзөдөн өтүп, жолдун эки тарабына тең туурасы 2.25 метрден болгон тротуар  курулат.

Учурда көпүрөнүн пайдубалын куруу иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштери бүткөндө, айдоочулар Ботаникалык бакчаны айланып өтпөй, С.Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө түз өтө алышат.

Оңдоп-түздөө жана көпүрө куруу иштери «Бишкек шаарынын көчө - жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын «Кытай жол жана көпүрө» корпорациясынын гранттык каражаттарына жүргүзүлөт. Тапшырыкчы болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы саналат.