Бишкек шаарынын мэриясы чарба субъектилериндеги санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү күчөттү.

Райондук акимиаттардын базасында ыкчам топтор  иштеп,  күн сайын шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Октябрь районунун акими  Данияр Арпачиев ыкчам топтор менен биргеликте санитардык рейддерди улантууда.

Биринчи кезекте "Космопарк" көңүл ачуу борборун текшердик, текшерүү учурунда мыйзам бузуулар катталган жок. Ал эми "Бета Сторес - 2" соода борборунда, №7 кичирайондогу "Глобус" гипермаркетинде жана №9 кичирайондогу "Народный" дүкөнүндө кызматкерлер жана шаардыктар санитардык эрежелерди сакташкан эмес, көпчүлүгү бет кап тагынбай, аралык сактабай жүрүшөт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  санитардык дарыгери тарабынан акт түзүлүп, санитардык ченемдердин сакталышы боюнча эскертүү берилди.

Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактоону суранабыз! COVID-19 жана жугуштуу пневмония менен ооругандар көбөйүп жатат. Бет кап тагынып, гигиенаны жакшыртып, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!