Бишкек шаарынын мэриясы гендердик теңчиликти жайылтуу жана гендердик басмырлоону жоюу, аялдардын, кыздардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ишин улантууда.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө аялдар жана балдар үй-бүлөлүк зомбулукка көп учуроодо.

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, балалуу аялдар үчүн февраль айында биринчи жолу  “Аялзат” муниципалдык  кризистик борбору ачылган.

Шаардыктар борбор менен кантип байланыша  алышат?

Биринчиден, адистерден колдоо алуу үчүн, сиз “Аялзат” кризистик борборуна: 65-37-42, 65-37-38 номерлери аркылуу же тез жардам кызматтарына: 102, 103 жана ишеним телефондору 111, 112 номерлерине  кайрылыңыздар.

Ошондой эле, кабыл алуу аймактык саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү уюмдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ички иштер органдарында, бейөкмөт уюмдардын жана башка ыйгарым укуктуу уюмдардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Борбордо бир жолку ысык тамак, эки айга бекер жатакана каралган, эгерде зарыл болгон учурда,  мөөнөтүн узартууга болот.

Борбордун базасында адистер психологиялык, укуктук кеңеш берип, медициналык жардам көрсөтүшөт. Борбордун кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берип, сот залдарында, укук коргоо органдарында коштоп жүрүшөт.

Ошондой эле, эл аралык донорлордун жана эксперттердин колдоосу менен турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ар кандай программалар ишке ашырылат.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын кризистик борборлор ассоциациясынын колдоосу менен борбордун кызматкерлери атайын окуудан өтүүдө.

Эске салсак, “Аялзат” борбору 50 адамга эсептелген, бир адамга бир эне + бала туура келет. Коопсуздук максатында борбордун дареги көрсөтүлгөн эмес.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга жана уюмдарга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.